߲

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Программалык инженерия факультети

7&Բ;ноября&Բ;2025

БААУнун “Программалык инженерия” бакалавриат программасы программалык камсыздоону иштеп чыгууга системалык жол тутуу, эксплуатациялоо жана коштоону колдоно алган, программалык камсыздоону жаратуу жана долбоорлоо процессинде инженердик принциптерди пайдалана ала турган адистерди даярдайт.

Факультеттин окуу планы америкалык университеттердин билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыккан. Математикалык жана жалпы табигый илимдерди иликтөө студенттерге компьютердик илимдердин негиздерин өздөштүрүүгө шарт түзөт. Ал эми программалык инженерия тармагында дисциплиналарды иликтөө аларга аппараттык, түйүндүк жана программалык каражаттарды долбоорлоо жана иштеп чыгууга зарыл болгон билимдерди берет. Software Engineering боюнча базалык курстар теориялык негиздерди иликтеп, программалык камсыздоону жаратуу боюнча практикалык ыкмаларга ээ болууну шарттайт. Адистиги боюнча элективдик курстар студенттерге операциялык системалар, платформалар жана түзүмдөрдөн көз каранды түрдө программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу ыкмаларын тереңдетилген таризде иликтөөгө жардам берет. Факультеттин бүтүрүүчүлөрүнө БААУнун жана Бард-колледждин (АКШ) “Программалык камсыздоо” багыты боюнча академиялык квалификациялык бакалавр даражасы ыйгарылат. Алар түйүндүк системалар менен маалыматтар базасынын долбоорлоочусу, менеджери, иштеп чыгуучусу жана адиминстратору болуп эмгектене алышат. Программанын бүтүрүүчүсү окуусун белгилүү чет элдик университтердин магистратураларында уланта алат.

Программа жөнүндө толук маалыматтарды бул жерден көрүп алууга болот:https://auca.kg/ru/software_engineering_/. Электрондук почта:sfw@auca.kg.


Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча чалгыла жана жазгыла:
‪+996 770 00 41 13‬ (WhatsApp)
admissions@auca.kg


Каржылык колдоо:
‪+996 220 01 90 18‬
finaid@auca.kg

<< Назад к списку