߲

БААУ/ АКАДЕМИКАЛЫК САБАКТАР/ Академиялык Колдоо Кызматтары/ Академиялык кеңеш борбору/ Кеңеш берүү демилгелери жана кызматташуу/ Студент-насаатчы

Студент-насаатчы

УМЕТАЛИЕВА АЙДАНА

Адистиги: Социология, SOC-122

«Өзүңдү эч качан жоготпо» жана «Ар дайым дилгир болуп, үйрөнүүнү улант»

Уметалиева Айдана “Социология” факультетинин жогорку курсунун студенти. Ал жаңы нерселерди үйрөнгөндү, жаңы адамдар менен таанышканды жана ар кандай көз караштарды изилдегенди жакшы көрөт. Айдана башкаларга жардам бергенди жана күнүмдүк жашоону кызыктуураак кылган байланыштарды түзгөндү баалайт.

Айдана эки жылдан бери студент-насаатчы болуп иштеп келет. Ал биринчи курстун студенттерине сабактардын тизмегин түзүүгө, академиялык суроолорду чечүүгө жана университеттик жашоого көнүүгө жардам берет. Өз тажрыйбасынан алгачкы жыл канчалык оор болорун жакшы билет. Ошондой эле жаңы чөйрөгө көнүү кандай кыйын экенин түшүнөт жана бул мезгилде студенттерди колдоп, жол көрсөтө турган адамдын болушу канчалык маанилүү экенин билет. Айдана студенттердин окууга көнүү мезгилин жеңилдетүүгө жардам берүүнү абдан баалайт.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1274

АКЫЛБЕКОВА АДЕМИ

Адистиги: Бизнести башкаруу, BA-123

«Баарын сынап көрүүгө арзыйт: колуңдан келгендин баарын жаса, калганы Кудайдан»

Акылбекова Адеми “Бизнести башкаруу” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал таттуу жебесе да, таттуу бышырууну жакшы көрөт жана кол өнөрчүлүк менен алектенет. Жакында эле чуркоону баштаганына карабастан, эки жөө жарышка катышып, эки медалга ээ болгон. Адеми сандарды, күздү, латтени жана мышыктарды жакшы көрөт. Ал студент-насаатчы катары жаңы студенттерге университеттик жашоого көнүүгө жардам берген ролун абдан баалайт. Анткени 1-курста өзү үчүн университетти, кабинеттерди, курстарды жана окутуучуларды таанып-билүү кыйын болгондуктан, Адеми студенттер жана анын кеңеш алуучулары ошондой көйгөйлөргө туш болбошу үчүн болгон аракетин жумшагысы келет.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1280

АЙТЕМИРОВ АКБАР

Адистиги: Эл аралык жана бизнес укук, IBL-123

«Бүгүн бир нерсе кыл, эртең өзүңө ыраазы болосуң»

Айтемиров Акбар “Эл аралык жана бизнес укугу” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал ар түрдүү маданий чөйрөдөн келген студенттер менен иштегенди жакшы көрөт жана ар ким бири-биринен жаңы нерсени үйрөнө ала турган академиялык чөйрө түзүүгө умтулат. Акбар студенттерге академиялык суроолор боюнча жардам берүүгө, акыркы жылдары топтогон билим жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, ошондой эле каалоосу бар студенттер менен жөн гана сүйлөшүүгө ар дайым даяр.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1276

АБАСОВА АЛИНА

Адистиги: Программалык камсыздоо, SFW-123

«Эртең болбой калышы мүмкүн, ошондуктан бүгүнкү күн менен жаша»

Абасова Алина “Программалык инженерия” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал математика сабагынан күчтүү жана угуу көндүмү мыкты болгондуктан , ошондуктан Жазуу жана академиялык ресурстар борборунда студент-окутуучу болуп иштейт. Алина активдүү спорт түрлөрүн жакшы көрөт, мисалы, тоого чыгууну жана велосипед тебүүнү, бирок азыр ага убактысы азыраак. Спорттон тышкары, ал үстөл оюндарын, компьютердик оюндарды, телефон оюндарын жактырат.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1271

ШАЙЛОБЕК КЫЗЫ АМИНА

Негизги адистиги: Эркин өнөр жана илимдер бөлүмү: социалдык ишкердик жана дизайндык ой жүгүртүү. Кошумча адистиги: Бизнести башкаруу, LAS-SE-124

«Эч качан азга макул болбо — жашоо өтө кең; ар дайым сага дем берип, бакыт тартуулаган нерсеге умтул»

Шайлобек кызы АминаЭркин өнөр жана илимдер” факультетинин 2- курсунун студенти. Ал ар дайым дилгир жана үйрөнүүгө жана өсүүгө умтулуп келет. Амина туруктуулукту боорукерлик менен айкалыштырууга жана жашоонун сыноолоруна жайдары караганы аракет кылат. Анын оюнда бизге өзүбүз көтөрө ала турган сыноолор гана берилет деп ишенет. Аминанын студент-насаатчы болуудагы негизги себеби - ал 1-курста студент болгондо канчалык көп суроолор пайда болуп, канчалык оор сезилерин эстейт. Амина үчүн ар дайым кайрылып, кеңеш ала турган адамдын болушу кандай маанилүү экенин билип, студенттерге өз жолун табууга, колдоону сезүүгө жана ишенимге ээ болууга жардам берип келет.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1266

СЕИТАЛИЕВ АРЛЕН

Адистиги: Колдонмо математика жана информатика, AMI-123

«Сен эмне билем деп ойлойсуң жана эмне үчүн билем деп ойлойсуң?»

Сеиталиев Арлен “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал интроверт жана бейтааныш чөйрөдө отурганча онлайн баарлашууну жактырат. Көбүнчө убактысын китеп окууга, видео оюндарды ойноого же манга окууга жумшайт. Жалпысынан ал популярдуу илимий темаларга кызыгат. Анын студент-насаатчы болуудагы негизги кызыгуусу - студенттерге окууда да, жеке жашоосунда да кыйынчылыктарды жеңүүгө чын дилинен жардам берүү. Арлен 1-курста окуп жүргөндө, анын насаатчылары аны колдоп, шыктандырып, университеттик жашоого кантип көнүү керектигин көрсөтүшкөнүн эстейт. Студент-насаатчы болуу Арлен үчүн алган колдоону жана жардамды кайтарып берүүнүн бир жолу деп билет.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1268

КИМ АРТУР

Адистиктери: Эркин өнөр жана илимдер бөлүмү: эл аралык жана салыштырма саясат; Антропология жана эл аралык өнүгүү; Эркин өнөр жана илимдер бөлүмү:социалдык ишкердик жана дизайндык ой жүгүртүү, LAS-PC-122

«Таҗрыйбаны өсүүнүн кыймылдаткычы кылуу»

Ким АртурЭркин өнөр жана илимдер” жана “Антропология жана эл аралык өнүгүү” факультеттеринин 4-курсунун студенти. Ал үч багытты бир убакта айкалыштырып окуп, үч адистикке ээ болуп окууну аяктоого камданып турат. Ал Студенттик сенаттын төрагасы жана университеттин жашоосуна активдүү катышкан ыктыярчы. Артурдун студент-насаатчы болуудагы негизги максаттары - бул студенттерге курстарга жазылуу процессин жеңилдетүү жана ага байланыштуу кыйынчылыктарды азайтуу.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1269

ЖАНДАЕВА БЕГАЙЫМ

Адистиктери: Эркин өнөр жана илимдер: Европа таануу жана Эл аралык жана бизнес укук, LAS-SE-123

«Сага арналган нерсе баары бир сени табат»

Жандаева Бегайым “ЭѶкин өнөр жана илимдер” факультетинин 3-курсунун студенти жана “Европа таануу” жана “Эл аралык жана бизнес укугу” адистиктерин айкалыштырып окуйт. Анын кызыгуулары искусство, тарых жана Кыргызстан менен Европанын маданиятына байланыштуу. Бегайым «Шайтан Prada кийгенде» аттуу фильмди жакшы көрөт жана Дэн Браундун китептерин окуганды жактырат. Ал сабактардын тизмегин түзгөндү чындап жактырат. Эки адистикти айкалыштырып окугандыктан, Бегайым сабактардын тизмесин түзүүдөгү тажрыйбасын башкаларга жардам берүү үчүн колдонууну каалайт.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1279

САДАТ ХОДА

Негизги адистиги: Журналистика жана массалык байланыштар; Кошумча адистиги: Европа таануу, JMC-122

«Ар бир алдыга ташталган кадам маанилүү»

Садат Хода “Журналистика жана массалык байланыштар” факультетинин 4-курсунун студенти. Кошумча адистиги катары Европа таануу багытында билим алат. Ал ошондой эле OSUN сертификат тартуулаган курстардын студенти болуп, академиялык жана кесиптик жөндөмдөрүн жакшырта алган. Ходанын студент-насаатчы болуудагы негизги максаты - бул башка студенттерге окуу жана окуудан тышкары колдоо көрсөтүү. Ал өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, башкаларды өнүгүүгө багыттоону жакшы көрөт.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1265

АЛЛАХУНОВ ИКБОЛ

Адистиги: Программалык камсыздоо, SFW-123

«Кысым болгондо, биз даярдыгыбыздын деңгээлине чейин түшөбүз»

Аллахунов Икбол “Программалык инженерия” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал максаттуу жана аракетчил студент болуп, билим алууну, өсүүнү жана командалык ишти баалайт. Башкалардын ийгиликке жетишине жардам бергенди жакшы көрөт жана колдоочу академиялык чөйрөнү түзүүгө ишенет. Анын студент-насаатчы болуудагы негизги себеби - бул студенттерди колдоо, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүү жана аларга академиялык жана жеке кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берүү. Ошондой эле Икбол ар бир студент өзүн ишенимдүү сезе турган жылуу жана шыктандыруучу чөйрөнү түзүүгө өз салымын кошкусу келет.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1275

МАЛЬЦЕВА ЛУНА

Адистиги: Программалык камсыздоо, SFW-123

"Акыры баарыбыз үйрөнөбүз"

Мальцева Луна “Программалык инженерия” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал дизайнер, жазуучу жана программист. Ал университеттин ичинде академиялык багыттагы иш-чараларга гана катышып тим болбостон, жогорку сапаттагы ички ресурстарды түзүү багытында университеттин ар кандай бөлүмдөрү менен кызматташып келет. Луна формалдуу эмес байланыш каналын түзүү максатында "Программалоого киришүү" жана "Объектке багытталган программалоо" курстарынан профессордун жардамчысы болуп эмгектенет.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1264

БЫСТРОВА МАРИЯ

Адистиги: Колдонмо математика жана информатика, AMI-123

«Даярдыксыз башыңдан жогору секирүү мүмкүн эмес. Эмгек эч качан текке кетпейт»

Быстрова Мария “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин 4-курсунун студенти. Ал сүрөт тартууну жакшы көрөт жана чыгармачылыкты баалайт. Марияны студент-насаатчы болуу миссиясы шыктандырат, себеби, жаңы келип, университеттин өзгөчө системасына али көнө элек студенттерге жардам берүү жана жол көрсөтүү ырахат тартуулайт. Кезинде студент-насаатчылар ага чоң колдоо көрсөтүшкөн жана Мария мындай ролдун университетте бар экенине ыраазы. Эми ал өз күчүн коомчулукту өнүктүрүүгө жана башкаларга жардам берүүгө жумшагысы келет.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1273

ЖУМАЛИЕВА САБИНА

Адистиги: Эл аралык жана салыштырма саясаты, ICP-122

«Аракет да, аракетсиздик да ооруну алып келиши мүмкүн — сен кайсынысын башыңдан өткөрөрүң өзүңдөн көз каранды.»

Жумалиева Сабина “Эл аралык жана салыштырма саясат” факультетинин 4-курсунун студенти. Ал университетти көпүрөгө окшоштурат. Ал көпүрө кээде тар, кээде кенен жана ар дайым жаңы мүмкүнчүлүктөргө алып баруучу жол катары билет. Сабина студенттер сыноолор жана жеңиштер, кыйынчылыктар жана ачылыштар аркылуу өз максаттарына жакындайт деп ойлоп, жеке жолу дагы татаалдыктарга жана жаркын учурларга бай болгонун эстейт. Ушунун баары анын инсан катары калыптанышына жана дүйнөгө болгон мамилесин аныктоого жардам бергенин айтат.

Сабина студенттер менен студент-насаатчы катары бирге жүрүп, алардын жетишкендиктерине кубанып, оор учурларда колдоп, өз академиялык жолунда эч качан жалгыз калбоосуна көмөк көрсөтүүнү каалайт. Ал БААУда алган билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүп, башкаларга ар кандай тоскоолдуктарды жеңүүгө, ишеним табууга жана инсан катары өсүүгө дем берүүнү максат кылат.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1267

ИСАЕВА САЛТАНАТ

Адистиги: Психология, PSY-124

«Билим көбөйгөн сайын, кайгы да көбөйөт»

Исаева Салтанат “Психология” факультетинин 2-курсунун студенти. Ал 1-курстагы студенттерге жардам берүүнү абдан каалайт себеби ал өзү БААУда окуусун баштаган жылдары студент-насаатчылар болбогонун эскерет.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1277

ПАН ВАЛЕРИЯ

Адистиги: Колдонмо математика жана информатика, AMI-123

«Ар бир ийгиликсиз аракет - бул дагы бир алдыга жасалган кадам» – Томас Эдисон

Пан Валерия “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал достору менен топто окуганды жана башка студенттерге академиялык жактан колдоо бергенди жакшы көрөт. Окуудан тышкары, Валерия музыка угууга, сүрөт тартууга жана жаңы жерлерди изилдөөгө кызыгат. Студент-насаатчынын ролунда Валерия студенттер колдоону жана түшүнүүнү сезгенде потенциалын эң жакшы ачат деп эсептейт. Ал өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, башкаларга академиялык жана жеке кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берүүдөн мотивация алат. Мындан тышкары, ар түрдүү тажрыйбасы бар жаңы адамдар менен таанышуу ага абдан кызыктуу.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1272

РАДЖАБИ ЗАХРА

Адистиги: Эркин өнөр жана илимдер:социалдык ишкердик жана дизайндык ой жүгүртүү; кошумча адистиги: Психология, LAS-SE-123

«Жакшылык кылсаң, жакшылык сага кайтып келет»

Раджаби Захра “ЭѶкин өнөр жана илимдер” факультетинин 3-курсунун студенти болуп, “Социалдык ишкердик жана дизайндык ой жүгүртүү” багытында билим алып келет. Ал чыгармачылыкка, музыка жана искусствого кызыгат. Захра башкаларга жардам берүүгө жана өз ара урматтоону өнүктүрүүгө умтулат. Мындан тышкары, ал ар дайым оптимист бойдон калып, ачык ой жүгүртүүгө жана өз коомчулугуна позитивдүү салым кошууга аракет кылат. Захранын студент-насаатчы болуудагы негизги максаты-өзүнүн тажрыйбасын жаңы студенттер менен бөлүшүү, аларга университеттик жашоого ийгиликтүү ыңгайлашууга жардам берүү жана керектүү учурда ар дайым колдоо көрсөтүү.

Link to this block: /kg/p6279647905/#b1270